Ашуулардагы абал: Жол ачык, каттам бар
- 13 просм.
Бүгүн, 2-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Буга чейин Сосновка постунда жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 60-чакырымында (Өтмөк ашуусу) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы