mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал: Жолдордо каттам бар

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында туман каптап, жаан аралаш кар жаап жатат. Жааган кар жерге токтобой, кайрадан ээрип кетүүдө. Өтмөк ашуусунда да ушундай эле абал.

Ошондой эле, өлкөнүн калган ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, жаралган кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы