mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолуна асфальт төшөлөт

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №20 Жол тейлөө ишканасы капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Ача-Кайыңды-Май-Босого унаа жолунун 14-16-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө үчүн жер жумуштарын аткарууда. Бүгүнкү күндө 1200 метр жер негизи даярдалды.

Ушул эле жолдун 43-45-чакырымдар аралыгында суу өтүүчү түтүкчөлөрдү орнотуу иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы