mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Арашан – Чуңкурчак жолунун курулушу кызуу уланууда

Арашан – Чуңкурчак жолунун курулушу кызуу уланууда. Учурда жолдун 2-22-чакырымдар аралыгында кеңейтүү жана жер жумуштары кызуу жүрүп, жер иштери дээрлик 85% аяктады. Мындан тышкары, 46 суу өткөрүүчү түтүктү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери уланууда.

Ал эми жолдун 9-11-чакырымдар аралыгына эки тараптуу асфальт төшөлдү. Башка тилкелерде жолдун негизи катмары жасалып, асфальт төшөө иштерине даярдыктар жүрүп жатат.

Жол салуу иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

Арашан–Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Аталган жол тоо лыжа базага жана аймактагы эс алуу жайларга алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан өлкө аймагындагы туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы