mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Арал-Казарман унаа жолу: Тоо боорунан кулаган таштар тазаланды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан кулаган таштар тазаланды. Жумуштар аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын (ЖТИ) кызматкерлери тарабынан аткарылды.

Мындан тышкары, жолчулар Казарман-Акталчат унаа жолундагы (Кара-Гөө ашуусу) тайгак тилкелерге инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы