mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Арал-Казарман авто жолуна кулаган таштар тазаланды

Бүгүн, 4-март Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун  Арал-Казарман участогунун 243-296 чакырым аралыгында жааган кардан улам, тоо бетинен таштар кулап, жолдун бир  тилкесин жаап калган.

 № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кулаган таштар тез арада тазаланып, каттам камсыздалды. Учурда жол ачык.  Каттам бар.

Ушундай эле жагдай Жумгал районунун Арал-Миң- Куш (3+500–4+600км) автожолунда да катталды. Азыркы учурда №24 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан техникалар тартылып тазалоо иштери жүрүп жатат. Авто унаалардын кыймылы үчүн, бир тараптуу каттам берилди.

Министрликтин маалымат кызматы