mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу боюнча маалымат

Ала-Бука менен Чаткалды бириктирген узундугу 100 чакырымды түзгөн «Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун капиталдык оңдоо жумушу 2023- жылы башталган. Аталган долбоор 4 бөлүккө бөлүнүп, III категориядагы 2 тилкелүү 11,5 тонна жүккө ылайыкталган жол болуп салынууда.

Учурда, 0-25 км жана 75-100 км аралыгындагы жер жумуштарын, жасалма курулмаларын куруу иштери аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө жолдун 25 чакырымына асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү. 2024 –жылдын курулуш мезгилинде «Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуннун 40 чакырымына асфальт басуу пландалууда.

Ал эми доолбоордо көрсөтүлгөн 100 чакырым жолдун капиталдык оңдоо мөөнөтү 2025- жылдын аягына бүтүрүү каралган.

Министрликтин маалымат кызматы