mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Алай районунда кар жаады. Жолду тазалоо иштери жүрүүдө

Алай районуна караштуу Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда (170-250-чакырымдар аралыгы) жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн жерине #960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери менен атайын техникалар тартылды.

4-июнга караган түнү жаап баштаган кардын калыңдыгы 10 смге жетти. Азыркы тапта да күн бүркөө. Жолдор ачык, каттам бар.

Жогоруда аталган тилкеде интернет байланышы жок болгондуктан кошумча маалымат жана видео материалдар берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы