Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолунда орто оңдоо иштери башталды
- 31 просм.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Терек-Дон-Талаа унаа жолунда орто оңдоо иштери башталды. Аталган жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт.
Азыркы учурда 10-11,5-чакырым аралыгында жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, сел сууларына каршы арыктарды казуу жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотууга даярдык иштери аткарылууда.
Долбоор Капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржыланып, иштерди «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу №33 Жол тейлөө ишкана филиалы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери жолдун сапатын жогорулатууга жана узак мөөнөттүү пайдаланууну камсыздоого багытталган. Бардык иштер бекитилген долбоордук-сметалык документтерге жана техникалык талаптарга ылайык аткарылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы