mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айтматов районунда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат

             Айтматов районундагы №6-Жол тейлөө ишканасы тарабынан  Капиталдык салымдар беренесинин негизинде киргизилген Бакайыр айылынын Манас көчөсүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Учурда  583метр асфальт төшөлдү. План боюнча 1000 метр асфальт төшөө каралган.

             Мындан тышкары Талас облусунун Айтматов районундагы №6-Жол тейлөө ишканасы  тарабынан титулдук тизме боюнча  Көк-Сай — Кайнар, Көк-Сай Арчагүл унаа жолдоруна  3420 метр асфальт төшөлүп элге толук каттам ачылган. Асфальт төшөөдөн тышкары  аң-чөнөктөрдү оңдоо, жолдун четин тазалоо жол сызыктарын чийүү жана аялдамаларды актап- сырдоо   иштери аткарылган.

Министрликтин маалымат кызматы