Айдоочуларга чип карталарды даярдоо жана берүү иштери боюнча маалымат
- 81 просм.
КРдин Транспорт жана коммуникация министрлиги эл аралык ташууларды аткаруучу айдоочулар үчүн электрондук тахографтарга карталарды даярдоо жана берүү боюнча тиешелүү иштерди аткарууда. Карталарды берүү жана тахографтарды колдонуу маселесин жөнө салуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты. 2024–жылдын 28–февралында Италия өлкөсүндөгү Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборунун кезектеги сессиясына Транспорт министрлигинин өкүлү катышып, Кыргыз Республикасында электрондук тахографтарга карталарды даярдоо үчүн сертификат алынып келинди.
Мындан тышкары электрондук тахографтарга карталарды даярдап чыгаруучу компаниялар менен иштер жүрүп, учурда картаны чыгаруучу компания карточкаларды сертификаттоо боюнча иш алып барууда. Зарыл болгон үч сертификаттын экөө алынды. Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборуна картанын шайкештик сертификатын алууга арыз берилди. Кыргызстанда картаны чыгаруунун башталышы Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборунан шайкештик сертифкатын алуу убагына жараша үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында пландаштырылууда.
Мындан сырткары, Транспорт министрлиги эл арлык ташууларды аткаруучу автотранспорт каражаттарына тахографтарды орнотуу, оңдоо жана тейлөө боюнча сервистик борборду курууга ылайыктуу жер тилкесин алуу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен иш алып барууда.
Чет өлкөдө иштөөнү каалаган айдоочуларга 2023-жылы Транспорт министрлиги Европалык “Гиртека” компаниясы менен келишим түзүп, Министрликтин “Өндүрүштүк–инновациялык борбор” Мамлекеттик мекемеси аркылуу 2023-жылдан тартып айдоочуларды даярдоодо. Жалпысы 432 айдоочу окутулуп, алардын ичинен 252 айдоочу Европада транспорттук компанияларга ишке орношкон. Бүгүнкү күндө окууну аяктаган 180 айдоочу жумушка орношуунун ар кандай баскычтарында.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы