mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата министр Абсаттар Сыргабаевдин куттуктоосу

«Урматтуу Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери, тармактын ардактуу ардагерлери!

Сиздерди, бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жол тармагына башка жылдарга салыштырмалуу өзгөчө көңүл бурулуп, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн булуң-бурчунда заманбап, сапаттуу жолдорду куруу иштерин ийгиликтүү ишке ашырууда. Тармактын өнүгүүсүнө жакшы шарттар түзүлүп, бир катар ири долбоорлор мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Тактап айтканда, Барскоон-Бедел, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Нарын-Баетов жана башка приоритеттүү объектилер салынып жатат. Миллиондогон жашоочусу бар Бишкек шаарынын айланасындагы жолдорду кеңейтүүнүн алкагында Бишкек-Кант, Бишкек-Күнтуу-Шопоков, Лебединовка-ГЭС 5 жана Бишкектин- Түндүк айланма жолдору курулууда. Жол тыгынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Бишкек шаарын айланып өтүүчү жаңы магистраль куруу — заман талабы болду. Министрлик быйыл 6 тилкелүү магистралды куруу иштерине активдүү киришти. Түндүк – Түштүк альтернативдүү автожолундагы 5 кошумча курулманы куруу иштери уланууда.

Быйыл, бир катар ири жолдордун ачылышы өтүп, пайдаланууга берилди. Өз милдетин ашыгы менен аткарып, жарактан чыккан Өзгөн-Мырзаке-Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өттү. Замандын талабына ылайык салынган жолдун курулушу 4 айдын ичинде жыйынтыкталды. Көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок бир катар себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген Ош-Баткен-Раззаков жолу жасалды. Туруктуу туризмдин өнүгүшүнө, аймактык каттамдарды жакшыртууга түрткү берген Түп-Кеген жолу ачылды. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланып, пайдаланууга берилди.

Инвестициялык каржылоонун алкагында Корумду – Балбай Баатыр автожолу, Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок, Суусамыр – Талас – Тараз автожолу реконструкцияланууда. Бишкек-Ош автожолундагы 748 метрди түзгɵн тоннелдин курулушуна старт берилди.

Бүгүн, 24-октябрга карата 1200 километрден ашык жолго асфальт төшөлдү. Бул башка жылдарга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч десек болот.

Туризм тармагын өнүктүрүү максатында, министрлик тарабынан туристтик объектилерге барган жолдордун абалы жакшыртылды. Атап айтсак, Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолу аркылуу Чар-Кудук жайлоосуна барган жол, “Каракол” тоо лыжа базасына, Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек көлүнө, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын жолдору оңдолду. Учурда Арашан-Чуңкурчак, Жыргалаң, “Ала-Тоо резорт” лыжа базасына жана Кырчын жайлоосуна барган жолдор жасалууда.

Кыргызстанда биринчи жолу жол чийиндерин чыгарууда колдонулуучу термопласт өндүргөн завод ишке кирди. Завод толук жабдылып, лаборатория менен камсыздалды. Завод толук кандуу ишке кириши менен ички рынокту камсыздап, келечекте экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да карайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен жол куруу техникаларынын базасы толукталды. Жаңы техника жана жабдыктар аймактарга жеткирилди. Техникалардын алынышы менен жол куруу багытында олуттуу жылыштар болду. Мурда жеке компанияларга көз каранды болгон аймактар эми өз алдынча иштерди жүзɵгɵ ашырууда.

Урматтуу Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери!

Кылым курулушу аталган «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө. Долбоордо 50 көпүрөнү, 29 тоннелди куруу каралган. Коридор боюнча жалпы 3 ири тоннелдин курулушу башталды, алардын ар биринин узундугу 12 километрден ашат. Алар: Нарын №1, Кош-Дөбө, Фергана тоннелдери.

Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен ата мекендик темир жол тармагында ири реформалар ийгиликтүү ишке ашырылууда. Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жолу өлкөдө бирдиктүү ички темир жол тармагын түзүүдө олуттуу мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кошулуп, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол тутумун түзүүгө өбөлгө болот.

Транспорт тармагында бир катар маанилүү иштер аткарылды. Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаменти тарабынан 2025-жылдын 9 айында лицензия жана уруксат кагаздарын берүүдөн, салмак өлчөмдөрүн таразалоо жана өлчөөдөн, бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан жалпысынан 861 млн 192 миң сом бюджетке чегерилди. Бул өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 658 млн 973 миң сомго көп. Ошондой эле, лицензия жана уруксат кагаздарын берүүнү электрондоштуруу системасы жолго коюлду.

Учурдан пайдаланып, сүйгөн кесибине өмүрүн арнап, устат катары адистерди тарбиялап өстүрүп, тармактын өнүгүүсүнө баалангыс салым кошкон ардагерлерге терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктап, республикабыздын жол инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган күжүрмөн жана ак ниет эмгегиңиздер үчүн дагы бир ирет алкыш айтам.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм, майрамыңыздар менен!».