mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата кызматкерлер сыйланды

Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата министрликтин бир катар кызматкерлери сыйланды. Иш-чара жыйындар залында орун алып, ведомстволук сыйлыктар министр Абсаттар Сыргабаев тарабынан тапшырылды.
 
Жол-транспорт тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жаткан кызматкерлер «Сиңирген эмгеги үчүн» жана «Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 85 жыл» юбилейлик медалдары менен сыйланды. Ошондой эле айрым кызматкерлерге Ардак грамота жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
 
Алган сыйлыктар чек болбосун деген министр, өлкөнүн өргө карай багыт алышына кесипкөй, компетенттүү, демилгелүү жана жоопкерчиликтүү кызматкерлердин орду чоң экенин белгилеп өттү.
 
Эске салсак, Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү жыл сайын октябрдын акыркы жекшембисинде белгиленип келет.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы