mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автобекеттерди оңдоо иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы Нарын облусундагы Ат-Башы автостанциясынын аймагында ондоо иштери жүрүп жатканын билдирет. Жүргүнчүлөргө жагымдуу шарт түзүү максатында вокзалдын ичи акталып, сырдалып, айланасы темир тосмо менен тосулду.

Ошондой эле, Кочкор районунда жаңы автобекет куруу үчүн 1,44 га жер аянты “Нарын автовокзалы” филиалына бекитилип берилди. Учурда курулушту баштоо үчүн эски имаратты бузуу жумуштары жүрүүдө. Мындан тышкары, жыл аягына чейин Ак-Талаа автостанциясынын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү мерчемделип жатат.

Белгилей кетсек, Каракол шаарындагы автобекеттин аймагында да оңдоо иштери кызып, бүгүнкү күндө бордюрларды орнотуу менен жер иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы