mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна барып, жол иштеринин жүрүшүн текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолуна барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Азыркы тапта аталган жолдун 84-120-чакырымдар аралыгында жер жумуштары менен катар асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

2024-жылга карата капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган унаа жолдун жалпы 20 чакырымына асфальт төшөө каралган. Иштин жүрүшүн жеринен көргөн Абсаттар Сыргабаев жолдун сапатына басым жасоо менен жумуш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын берди. 

Министрдин милдетин аткаруучу Нарын-Баетов жана Кочкор-Коммунизм унаа жолдорундагы көпүрөлөрдүн, Нарын шаарындагы Орозбак, Ленин жана Кочкор районундагы Бердалиев көчөлөрүнүн курулушунан да кабар алды. Иш сапардын алкагында калаадагы аба майдандын учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо иштери менен таанышып, асфальт төшөө жумуштарын тез арада бүткөрүүнү тапшырды. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы