Абсаттар Сыргабаев КМШга мүчө мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешменин жыйынына катышты
- 39 просм.
19-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Москвада КМШга мүчө өлкөлөрдүн транспорт министрлеринин жыйынына катышты.
Отурум Россия Федерациясынын транспорт министри Роман Старовойттун төрагалыгы астында өттү.
КМШга мүчө мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешменин 44-жыйынында тараптар транспорттук-логистикалык потенциалды жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын транспорт министрлери катышты.
Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин жыйыны болду.
Белгилей кетсек, 19-21-ноябрь күндөрү Москва шаарында Росиянын «Транспорт жумалыгы» иш-чарасы өтүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы