mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Абсаттар Сыргабаев «Каракол» тоо лыжа базасына барчу жолду кышкы сезонго чейин бүтүрүүнү тапшырды

Бүгүн, 27-августта Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө иштери менен таанышты.

Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 7,1 чакырымдын 3,5 чакырымына асфальт төшөө каралган. Абсаттар Сыргабаев жол салуу иштерин кышкы лыжа тебүү сезонуна чейин тездик менен бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган жумуштар Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы