mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Ата району: Кеңеш айылына барчу жолдун 3 чакырымы асфальтталат

Ысык-Ата районундагы Кеңеш-Обходной унаа жолунун 2-3-чакырымдар аралыгында эски асфальтты сыйрып, жол негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.

Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Кеңеш айылына барчу 5 чакырым жолдун 3 чакырымына (0-3км) асфальт тɵшɵɵ пландалууда. Ал эми калган 2 чакырымы буга чейин асфальтталган.

Оңдоо иштери пландалган график боюнча жүргүзүлүп, сапатына өзгөчө басым жасалат. Жумуштар №34 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы