«Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу
- 57 просм.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында семинар өттү. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев баштаган ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлерлери катышты.
Ошондой эле, конок катары Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев чакырылган.
Мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салуу менен нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырып, кубаттуу мамлекет куруу максатын көздөгөн семинарда «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун багыттары таалим-тарбия, илим, билим жана маданият, айлана-чөйрө, экономика, мамлекеттик тил, социалдык мамилелер, дене тарбия жана спорт, дин, кыргыз жери, кыргыз эли боюнча баяндама жасалды.
Иш-чара суроо-жооп форматында уланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы