mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Төө-Ашуу: Оор жүк ташуучу унааларга карата убактылуу чектөө күчүндө

Сосновка постунда саат 07:00 дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап жатат. Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет кызматы 26-28-февраль күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.

Мындан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кандай жагдай жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы