Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Дыйкан-Кызыл-Жылдыз тилкесин оңдоодон үнөмдөлгөн каражатка жергиликтүү маанидеги жолдор жаласууда
- 44 просм.
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Дыйкан-Кызыл-Жылдыз тилкесин оңдоодон үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт төшөлүүдө. Курулуш иштери Дыйкан-Кара-Кече (3км), Жумгал-Түгөл-Сай (3,4км), Кызыл-Туу-Чоң-Дөбө (4,2км), Кочкор-Арал-Төө-Ашуу (0,3 км) жана Эпкин айылына барган жолдо (1,4 км) жүрүп жатат.
Азыркы тапта асфальт төшөлө турган жалпы 12,2 чакырым жолдун 3 чакырымдан ашыгы жасалды. Жумуштар белгиленген графикке ылайык жүрүп, 2025-жылдын курулуш мезгилинде аягына чыгаруу мерчемделүүдө.
Эске салсак, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Дыйкан-Кызыл-Жылдыз (159-183-чакырымдар аралыгы) тилкесин реабилитациялоо 2022-жылы аяктап, 2023-жылы эксплуатациялоочу мекемеге өткөрүлүп берилген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен долбоордун донору — Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында негизги тилкеден үнөмдөлгөн каражат Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна жакын жайгашкан жергиликтүү маанидеги жолдорду капиталдык оңдоого жумшоо чечими кабыл алынган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы