mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Түндүк – Түштүк альтернативдик жолунда 5 ири курулуш объектиси курулууда

Түндүк – Түштүк альтернативдик автожолунун кар көчкү көп катталган тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылуу максатында 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө куруу пландалган. Учурда бул 5 ири курулуш объектисинде активдүү иштер жүрүүдө.

331-чакырымда жайгашкан галереянын негизги тирɵɵчтɵр 15 метр тереңдикте казылып орнотулду.

339-чакырымда курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн негизги тирɵɵчүн орнотуу үчүн 25 метр тереңдиктеги казуу иштери аяктады.

Ал эми калган галерея жана эстакадалык көпүрө объектилеринде жер иштери жана кɵпүрɵлɵрдүн негизин даярдоо жумуштары уланууда.

Курулуш иштерине 19 ири техника тартылып, аймакта 1 цемент заводу орнотулуп,  20дан ашык адис жана жумушчу иш алып барууда.

Курулуш иштеринин сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшү үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүүдө.

   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы