Транспорт министрлиги Япониянын компаниясы менен келишимге кол койду
- 182 просм.
Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу” долбоорунун алкагында Япониялык компания менен келишимге кол койду.
Иш-чарага министр Абсаттар Сыргабаев, орун басары Бекназар Базаралиев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана башка расмий меймандар катышты.
Долбоордун алкагында Бишкек-Ош автожолунун 400-чакырымына узундугу 750 метр болгон тоннелди курууга Япониянын Takenaka Civil Engineering компаниясы менен контракттык келишимге кол коюлду.
Ведомство жетекчиси Сыргабаев өз сөзүндө Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Япония өкмөтүнө жана JICA агенттигине терең ыраазычылык билдирди.
Тараптар долбоорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, курулуш иштерин 2025-жылдын июнь айында баштоо пландалууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы