mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Транспорт министри Үч-Терек – Өзгөрүш  жолунун 7 чакырымын кыска мөөнөттө асфальттоо тапшырмасын койду

Бүгүн, 16-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Токтогул районуна болгон иш сапарынын алкагында Үч-Терек – Өзгөрүш жолунун абалы менен жеринен таанышты.

Министр аталган жолдун 7 чакырымын кыска мөөнөттө толук асфальт басуу тапшырмасын койду.

Ошондой эле, тиешелүү жетекчилер менен жолуккан Сыргабаев Жетиген менен Үч-Терек айылдарын байланыштырган эски көпүрөнү жаңылоо, Жетиген айылынын ичиндеги 2 чакырым жолду оңдоо зарылдыгын белгиледи.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы