Транспорт министри Ысык-Көлдөгү жол иштерин текшерди
- 39 просм.
Бүгүн, 23-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
Министр алгач Балыкчы шаарындагы асфальт-бетон чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.
Ошондой эле ведомство жетекчиси Чолпон-Ата шаарынын ичиндеги көчөнү оңдоо иштерин текшерип, жайкы сезонго чейин асфальт төшөө иштерин аягына чыгарууну тапшырды.
Сыргабаев Ысык-Көл айланма жолунун Корумду — Балбай баатыр участогун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо иштеринен кабар алып, курулуш иштерин бекитилген графиктен кечиктирбей өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын койду.
Мындан тышкары, министр «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен таанышты.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев тиешелүү жетекчилерге планга ылайык жумуштарды иш ыргагын ыкчамдатуу менен жүзөгө ашыруу талабын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы