Транспорт министри Төө-Ашуудагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштерин көзөмөлдөдү
- 78 просм.
17-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштерин жеринен көзөмөлдөдү.
Учурда жерине атайын техникалар тартылып, иштер кызуу жүрүп жатат.
Министр Сыргабаев иш ыргагын ыкчамдатуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койду.
Кошумчалай кетсек, Бишкек — Ош жолундагы тоннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда. Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы