mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  6 айдын жыйынтыгы боюнча коллегия өттү  

Бүгүн, 12-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин  6 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, орун басарлары жана бөлүм башчылар катышты.

Коллегиянын күн тартибинде 6 маселе коюлуп, жол жана транспорт тармагы боюнча биринчи жарым жылдыкта жүргөн жумуштар, алдыңкы алты айга койгон милдеттенмелер, аткаруу тартиби тууралуу баяндамалар жасалды.

Коллегиянын жыйынтыгында ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев бир катар жетекчилерге сɵгүш жарыялап, курулуш мезгилинде алдыга койгон планды ɵз убагында мөөнөттөн артта калбай сапаттуу  иш алып барууну тапшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы