Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев эмгек жамааты менен ишембиликке чыкты
- 46 просм.
Бүгүн, 5-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев ишембиликке катышты.
Министрликтин эмгек жамааты Байтик айылынын аймагына көчөт отургузушту. Министр Абсаттар Сыргабаев көчөттөрдү өз убагында сугарып, кам көрүү зарылдыгын баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга бул багытта тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, ведомствонун борбордук аппараты жол жээгиндеги таштанды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, айлананы иретке келтиришти.
Тазалык иш-чарасына министрликтин алдындагы мекеме, ишканалардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө берилген аймактарды тазалашууда.
Белгилей кетсек, ишембилик Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын санитардык жактан тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында жарыяланган эки айлыктын алкагында өтүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы