Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-2030-жылдарга карата иш пландары талкууланды
- 40 просм.
Бүгүн, 3-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында көчмө жыйын өттү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-2030-жылдарга аткарылуучу иш пландары каралган жыйынга министр Абсаттар Сыргабаев, орун басарлары жана бөлүм башчылар катышты.
Министрлик тарабынан келерки 5 жылдыкта ишке ашырылуучу негизги багыттар боюнча иш-аракеттери жана күтүлүп жаткан натыйжалар айтылды.
Талкуунун жүрүшүндө транспорттук тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, жол-транспорттук коопсуздукту жогорулатуу, санариптик технологияларды жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.
Жыйынтыгында министрликке тиешелүү тапшырмалар коюлуп, ишти натыйжалуу аткаруу белгиленди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВРєРСвЂВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВРЎР‚
- Blogger
- Tumblr
- Viber
- Skype
- Telegram