Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: 3 айда өлкө казынасына 69 млн 349 миң сом чегерилди
- 159 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын алгачкы 3 айынын (январь-март) ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 205 миң 747 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 1883 протокол түзүлдү.
Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 69 млн 349 миң 131 сом (2024-жылдын 3 айында 20 959 447 сом) чегерилди.
Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы