Тоң району: Бар-Булак-Жылуу-Суу жолу толугу менен асфальтталат
- 170 просм.
Ушул жылдын курулуш мезгилинде Жылуу-Суу ден соолукту чыңдоо борборуна барган жол толугу менен асфальтталат. Жалпы 4 чакырым жол пландалган. Учурда жолдун негизин даярдоо жана 3- чакырымында пайда болгон пучиналарды (пучина- жер астынан чыккан суунун кесепетинен жаралган боштук) таш, кум аралашмасы менен толтуруу иштери жүрүп жатат. Бул пучиналардын орточо тереңдиги 1 метрди түзөт. Жол куруу иштери №10 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан аткарылууда.
Жылуу-Суу ден соолукту чыңдоо борборуна баруучу жолдун курулушу айыл тургундары үчүн гана эмес, чет өлкөлүк конокторго, ички туристтерге жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Бул аймактын туристтик потенциалын арттырып, өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


