Тоо-Моюн-Өсөр-Жаңы-Арча унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө
- 320 просм.
Ноокат районундагы Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунун 18-23-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жумуштар министрликке караштуу № 37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, быйыл Тоо-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган. Курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына ылайык аткарылып, кыймылды жакшыртуу жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү максатында жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


