mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

«Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорунун курулушуна старт берилди

Бүгүн, 25-апрелде «Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорунун курулушуна старт берилди.

Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри, Талас облусундагы райондордун мамлекеттик администрациясынын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

“Долбоор ийгиликтүү ишке ашып, элге кызмат кылсын”,- деген министр Сыргабаев төмөндөгүлөргө токтолду.

“Суусамыр-Талас-Тараз, 104,6-197,6 км участогу мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан бери бул жолдо оңдоо иштери гана аткарылып келген. Транспорттордун көбөйүшү жана жолдун эскилиги бул жолдо коопсуз жүрүүгө шарт түзө албай калды. Буга байланыштуу, бул долбоордук участок көп жылдардан бери реконструкциялоого муктаж болуп келген. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чоң салымы жана колдоосу менен бул долбоордук участоктун каржылоо маселеси чечилип, бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганы турат. Долбоор II техникалык категориясына ылайык иштелип чыккан. Калктуу конуштарда 4 тилкелүү, ал эми калктуу конуштардан тышкары участоктордо 2 тилкелүү жол болуп салынат. Калктуу конуштарда жарыктандыруу, тротуар, светофорлор ж. б. жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо элементтери каралган. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына туура келип, иш-чаранын аткарылыш сапатын жогорулатуу аркылуу жетишүү аракеттерин колдойт. Жол Талас облусунун Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондору аркылуу өтөт”,-деди министр.

Белгилей кетсек, участоктун узундугу, реконструкция талап кылына турган бөлүгү — 93 км түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы