mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Сосновка пунктунун айланасы, кирип-чыгуу жолдору асфальтталууда

Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында жайгашкан Сосновка пунктунун айланасы, кирип-чыгуу жолдору асфальтталууда. Жумуштар министрликке караштуу № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Азыркы тапта 5770 м2 аянтка асфальт төшөлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин Сосновка жана Кара-Көл пункттарында транспорт каражаттарынын тыгынын алдын алуу, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында кирип-чыгуу жолдору кеңейтилип, кошумча дагы 2 тилке кошулган.

Ошондой эле, калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан жогоруда аталган көзөмөл-өткөрүү жайларында жыйым чогултуу накталай эмес төлөм системасына өткөрүлгөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы