Рейддик текшерүү иштери: 2 жумада 3,5 млн сомдон ашык айып пул салынды
- 129 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирет.
1-апрелде башталган текшерүү иштеринин алгачкы эки аптасында (14-апрелге чейин) 34 миң 286 транспорт каражаты текшерилди. Натыйжада тартип бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 339 протокол түзүлүп, 3 млн 542 миң сом айып пул салынды.
Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алуу болуп саналарын баса белгилеп, айдоочуларды тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.
Белгилей кетсек, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 30-апрелге чейин уланат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы