mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 212-222-чакырымдар аралыгы убактылуу жабылды

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 212-222-чакырымдар аралыгы убактылуу жабылды. Азыркы тапта аталган тилкеде жол жакшы көрүнбөй, катуу бороон болууда. Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иш алып барып жатышат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы