mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын району: Эки-Нарын көпүрөсүндɵ кыймыл убактылуу токтотулду!

2025-жылдын 13-август күнү Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келип, жол каттамы убактылуу токтотулду.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөргө карабастан, эрежени бузуп өткөн оор жүк ташуучу унаанын кесепетинен көпүрө кулаган. Кырдаалды жөнгө салуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, аталган көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. 5-августта тендер жарыяланып, 11-август күнү тендер өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө тендер боюнча иштер жүрүп жатат.

Жол иштери  боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы