Министр Сыргабаев асфальт жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышты
- 83 просм.
Бүгүн, 12-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ош облусунун Беш-Мойнок айылында жайгашкан асфальт жана таш майдалоочу заводдун ачылыш аземине катышты.
“Вега Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган бул өндүрүш комплекси үч негизги багытта иш алып барат. Завод күнүнө 2 миң тонна асфальт өндүрүү кубаттуулугуна ээ.
Мындан тышкары, таш майдалоочу завод саатына 550 тонна курулуш ташын майдалоого жөндөмдүү. Ал эми бордюр жана лоток чыгаруучу линиясы суткасына 4 миң даанага чейин бетон чыгара алат.
Белгилей кетсек, заводдун ишке кириши менен жалпы жонунан 60 туруктуу жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калк кошумча иш менен камсыз болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы