mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Сыргабаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды

Бүгүн, 19-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту.
 
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.
 
Министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары боюнча макулдашуунун долбоорун кароону тездетүү сунушун берди.
 
Өз кезегинде элчи Оливье Бангертер кызматташууну мындан ары да арттырууга кызыкдар экенин белгилеп, макулдашуунун долбоорун тездетүүгө көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.
 
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы