Министр Сыргабаев Таластагы жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди
- 83 просм.
Бүгүн, 11-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Талас облусуна иш сапар менен барды.
Анын алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев менен бирге
жол куруу иштеринин жүрүшүн текшерди.
Министр Өтмөк ашуусундагы асфальт басуу иштерин барып көрдү. Бүгүнкү күндө №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 км асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
«Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорунун курулушунан кабар алган ведомство жетекчиси Сыргабаев подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө иш солгун жүрүп жатканын айтып, эскертүү берди.
Мындан тышкары, министр Покровка—Кайыңды жолунун 9 чакырымын оңдоо иштерин жеринен көзөмөлдөдү жана жол жээгин көрктөндүрүү иштерине да өзгөчө көңүлүү буруу тапшырмасын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министри жооптуу кызматкерлерге жолдун сапатына жана аяктоо мөөнөтүнө көңүл бурууну тапшырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




