mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Министр Сыргабаев Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жүрүп жаткан иштерден кабар алды

17-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек-Ош автожолунун Суусамыр тилкесинде жүрүп жаткан жол оңдоо иштеринен кабар алды.

Курулуш иштери башталгандан бери 18 чакырым эки тараптуу асфальт басылды.

Учурда асфальт төшөө, кээ бир тилкелеринде жолдун негизин даярдоо, суу түтүктөрүн орнотуу иштери уланууда.

Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт –бетон заводу орнотулган. Учурда заводдордон (АБЗ) саатына 200-300 тонна кɵлɵмүндɵгү асфальт чыгарылып жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош авто жолунун Суусамыр тилкесин капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга пландалып, ушул жылы курулуш иштери башталды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы