Министр Сыргабаев Бишкек-Ош автожолунун Суусамыр тилкесинде асфальт-бетон заводун текшерди
- 136 просм.
Министр А. Сыргабаев Бишкек –Ош автожолунун Суусамыр тилкесиндеги орто оңдоо жумуштарын жеринен текшерди.
Анын алкагында ведомство жетекчиси «Альянс Капитал Кейджи» подрячы компания тарабынан орнотулган асфальт- бетон заводун кɵрүп чыкты.
Аталган заводдон саатына 200-300тонна кɵлɵмүндɵгү асфальт чыгарылып, Бишкек-Ош автожолунун Суусамыр тилкесинде жол жумуштарына жумшалат.
Курулуш иштери башталгандан бери 15 чакырым эки тараптуу асфальттын биринчи катмары басылды.
Белгилей кетсек, Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт –бетон заводу орнотулду. 80 ашык техника иш алып барууда. Жалпы 104 км каралган. Ал эми ушул жылы 85 чакырымына асфальт тɵшɵлɵт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы