Министр Сыргабаев Адили Айли баштаган Кытай делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту
- 467 просм.
Бүгүн, 12-мартта Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Ак-Суу административдик округунун губернатору Адили Айли баштаган кытай делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйындын алкагында тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, чек ара өткөрмө бекеттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы ачылган «Бедел» өткөрмө бекетинин инфраструктурасын модернизациялоо жана анын толук кандуу ишке кирүүсүн камсыздоо маселелерин талкуулашты.
Министр Сыргабаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштүктү белгилеп, акыркы жылдары жүк ташуулардын көлөмү туруктуу өсүп жатканын билдирди.
Ошондой эле, ал «Бедел – Барскоон – Үчтурпан – Аксуу» автожолун куруу боюнча долбоордун ишке ашуусуна Кытай тараптын колдоосу маанилүү экенин билдирди.
Адили Айли өз кезегинде кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган жолугушууга Тышкы иштер министрлиги менен Бажы кызматынын өкүлдөрү дагы катышты.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



