mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министр Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасынын негизинде жаңы келген техникаларга GPS–навигатор орнотулууда

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасынын негизинде жаңы келген жол куруу техникаларына GPS–навигатор орнотулууда.
 
Бул система транспортту туура эмес пайдаланууну болтурбоого, «сол» каттамдарды четтетүүгө жана унаалардын жүрүп өткөн аралыгын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
 
Бүгүнкү күндө министрликке караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» ишканасы тарабынан техникаларга 436 даана GPS–навигатор орнотулган.
 
Ал эми «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасы тарабынан жалпы 350 техникага GPS–навигатор орнотуу пландалып, учурда 342 техникага орнотулду.
 
GPS–навигаторлору орнотулгандан кийин төмөнкүдөй оң натыйжалар байкалды:
 
  • Күйүүчү майдын чыгымы 15-20% кыскарды;
  • Автопаркты тейлөөгө кеткен чыгымдар азайды;
  • Айдоочулардын жол эрежесин бузуулары кыскарды;
  • Техникаларды негизсиз пайдалануу токтотулду.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы