Министрликтин кызматкерлери ишембиликке чыгышты
- 90 просм.
Бүгүн, 19-апрель күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Ведомствонун борбордук аппараты түндүк айланма жолунан Пригородное айылына чейинки жол жээгиндеги таштанды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, айлананы иретке келтиришти.
Тазалык иш-чарасына министрликтин алдындагы мекеме, ишканалардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө берилген аймактарды тазалашты.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, тазалык күнү апрель жана сентябрдын үчүнчү ишембисинде өткөрүлүп келет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы