Министрдин орун басары Б.Базаралиев менен Масахико Нишимура баштаган Азия өнүктүрүү банкынын делегациясынын расмий жолугушуусу болуп өттү
- 203 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Министрдин орун басары Б.Т.Базаралиев менен Масахико Нишимура баштаган Азия өнүктүрүү банкынын делегациясынын расмий жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө автомобиль жана темир жол транспорт, инфраструктура тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги жɵнүндɵ сɵз болду. Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен ишке ашырылган негизги долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду, жана Министрликтин 2030-жылга чейинки стратегиялык планда каралган демилгелери талкууланды.
Ошондой эле, Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) 2030 программасын талкуулап, анын алкагында тараптар мындан аркы аракеттерди координациялоо, аймактык байланыштарды чыңдоо жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу багытында окутуу боюнча чечимдер кабыл аларын билдиришти.
Министрдин орун басары, Азия Өнүктүрүү Банкына үзүрлүү өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешип ишке ашырылган долбоорлор улуттук инфраструктураны модернизациялоодо жана транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатууда маанилүү роль ойноорун айтылды.
Кызматташууну тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экени баса белгиленип, учурда ишке ашып жаткан долбоорлордон тышкары, келечекте дагы транспорт системасын санариптештирүү, темир жол транспортун өнүктүрүү жана Кыргызстандын региондук жана эл аралык ɵнөктөштүгүн жогорулатуу алкагында бирге иш алып бараарын баса белгилешти.
Министрликтин маалымат кызматы.