Министрдин биринчи орун басары Бишкек-Кант жана Лебединовка-Гэс 5 жолун оңдоо иштеринен кабар алды
- 83 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев Бишкек-Кант жана Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолун ондоо иштери менен жеринен таанышты.
Тактап айтканда, Бишкек-Кант жолунда суу өткөрүүчү түтүкчөлөрүн курууда жумуштун жай жүрүп жатканы жана техникалардын аздыгына жергиликтүү жашоочулардан арыздануулар көп болуп жатканын айтып, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.
Курулуш иштерин колго алган подряддык ишкана айтылган талап жана сунуштар эске алынып, ишти тездетүүгө бардык чаралар көрүлөрүн белгилешти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы