mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Манас районунда жолдорду оңдоо иштери уланууда

Манас районундагы Чоң-Капка – Ак-Таш – Майское авто жолунун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Бүгүнкү күндө асфальт төшөө иштерине даярдык жүрүп, суу өткөргүч түтүктөр орнотулуп, жер негизин даярдоо жана кум-топурак аралашмасын төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренесинин негизинде Тараз – Покровка – Кайынды авто жолунун 0-630 метр аралыгы реконструкцияланат. Долбоор боюнча 4 тилкелүү болуп, жөө адамдар үчүн тратуарлар, суу агызуучу лотоктор, унаа токтотуучу жайлар (стоянка) жана аялдамалар курулат. Учурда, асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоо иштери башталды.
Аткарылып жаткан бул иштер жол сапатын жакшыртып, аймактагы тургундар үчүн гана эмес, “Чоң-Капка” өткөрмө пунктуна барууга да ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болот.
Асфальт төшөө иштери белгиленген графикке ылайык жүрүп, сапатына өзгөчө көңүл бурулууда. Жол куруу жана оңдоо жумуштарын №48-жол тейлөө ишканасы жүрүп жатат.
Министрликтин маалымат кызматы