Министрликтин кызматкерлери ишембиликке чыгышты
- 61 просм.
Бүгүн, 15-март күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Ведомствонун борбордук аппараты Достук айылынын жол жээгиндеги таштанды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, айлананы иретке келтиришти.
Тазалык иш-чарасына министрликтин алдындагы мекеме, ишканалардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө берилген аймактарды тазалашты.
Белгилей кетсек, ишембилик 15-марттан 17-майга чейин жарыяланган эки айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы