mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эскертет!

 Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз! Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз!

Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо — кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы